Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Египетте ашынган исламчылар америкалык желекти өрттөштү


2000дей ашкере катаң турумдагы исламчылар Каирдеги америкалык элчиликтин жанында чогулушуп, АКШда жашаган египеттик христиандар тууралуу тасмага нааразылык билдиришти. Кечээ күнкү окуяда демонстранттардын айрымдары элчиликтин дубалына чыгып алып, америкалык желекти жулуп алышты. Ордуна илинген кара желекти коопсуздук кызматкерлери алып салышты. Бул тасма Мухаммад пайгамбарды жаманатты кылат деп нааразы болгон демонстранттар элчиликке кол салмак болгондо, кошумча жиберилген аскерлер алардын жолун тосуп калышты. Мунун алдында АКШнын элчилиги "тетири түшүнүктөгү айрым кишилердин мусулмандарды кыжаалат кылган аракеттерин" айыптаган билдирүү жасаган эле.

XS
SM
MD
LG