Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Европарламент Орусияны айыптады


Бүгүн кабыл алынган резолюциясында Европарламент Орусияны сот системасы саясий максатта колдонулуп жатканы үчүн айыптады.

Резолюцияда Pussy Riot тобунун ырчыларынын соттолушу оппозиция активисттерин саясий жүйөдөн улам куугунтуктоо күчөгөнүнө кошумча болгондугу айтылат.

Резолюцияда ошондой эле оппозиция активисти Таисия Осипованын сегиз жылга кесилүүсүнө, Алексей Навальный, Сергей Удальцов, Борис Немцов өңдүү оппозиция лидерлерин бутага алган кылмыш иштери тергелип жатканына тынчсыздануу билдирилген.

Европарламент ага катар орус бийликтерин журналист Анна Политковская, укук коргочу Наталья Эстемированы өлтүргөндөрдү табууга, адвокат Сергей Магнитскинин 2009-жыды абактагы өлүмү боюнча ишенимдүү жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG