Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

НТСтин Юсупов менен маегинин мыйзамдуулугу текшерилет


Кыргызстандын Атайын прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” абак жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн атайын прокурор Майрамбек Акматалиев кабарлады. Маалыматка караганда кылмыш ишинин негизинде НТС телеканалынын журналисттери күбө катары суракка чакырылат. Бул боюнча НТС телеканалынан маалымат алуу мүмкүн боло элек.

Апрель окуясынан кийинки талап-тоноочулук боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов менен уюштурулган интервью август айынын этегинде НТС телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн. Интервьюда айыпталуучу талап-тоноо иштерин уюштурууга "Ата Мекен" партиясынын төрт депутатынын тиешеси бар деп билдирген. Мындай билдирүүнү териштирүү үчүн парламенттеги "Республика" фракциясынын демилгеси менен депутаттык комиссия түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG