Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Атамбаев БУУнун өкүлүн, жапон элчисин кабыл алды


Кыргызстанда улуттук саясаттын концепциясы иштелип чыгып, Коргоо кеңештин жыйынында каралганы турат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев БУУнун башкы катчысынын атайын ѳкүлү Мирослав Енча менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда Кыргызстандагы улуттар аралык ынтымакташтыкты бекемдөө, Кыргызстандын демократиялык багытта өнүгүү багыттары, жетишкендиктери талкууланды.

Ушул эле күнү Атамбаев Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы бүткөндүгүнө байланыштуу Жапониянын элчиси Син Маруону кабыл алды. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн элчиге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG