Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Москвада оппозициянын маршына он миңдеген киши келди


Оппозициянын "Миллиондор маршы", Москва, 15-сентябрь, 2012
Оппозициянын "Миллиондор маршы", Москва, 15-сентябрь, 2012
Оппозициянын лидерлери ушул сааттарда Сахаров проспектисинде чогулган элге сөз сүйлөп жатышат. Активисттердин бири Сергей Удальцов “бийликтерден мурдагы талаптар боюнча үч ай жооп күтүшкөнүн, бир да талап аткарылбаганын белгилеп, азыр негизги максат бийликти диалогго мажбурлоо экенин айтты. “Биздин акыркы митингден бери үч ай өттү. Бир да талап аткарылбады: Саясий себеп менен камакка алынгандардын бирөө да бошотулбады, тетирисинче, жаңы адамдарды отургузуп жатышат", - деди Удальцов.

Буга чейин борбор калаанын негизги көчөлөрүнө 7 миңдей аскер жайгаштырылганы айтылган эле. Марш өтө турган көчөлөрдө машинелердин кыймылы токтотулган. Оппозициянын лидерлери “Миллиондордун маршын” жумуриятта социалдык жана саясий реформаларды, таза шайлоону жана өкмөттү сындагандардын талабы мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлүшүн жактап уюштурушканын айтышты.

Нааразылык акциялары бул күнү, уюштуруучулардын айтымында, мамлекеттин 50дөй шаарында да өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG