Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Жибек Жолундагы мурастарды ЮНЕСКОго киргизүү талкууланат


17-августта Бишкекте Улуу Жибек жолундагы тарыхый мурастарды ЮНЕСКОго киргизүү темасын талкуулооо боюнча жолугушуу өтөт. ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук Комиссия өткөрүп жаткан иш-чарага Борбор Азиядан жана Кытайдан улуттук эксперттер, Британия, Бельгия Жапония, Корея жана Непалдан өкүлдөр келет. Жолгушууда Жибек Жолундагы мурастарды ЮНЕСКОго тизмек-тизмеги менен киргизүү маселесин талкуулашат. Кыргызстан Улуу Жибек жолундагы мурастардан өзүнүн аймагындагыларды жыл аягына чейин ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар борборуна сунуштайт. Мындай маалыматты “Азаттыкка” ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

ЮНЕСКОго Кыргызстандын тарыхый жайларынан Ош шаарындагы Сулайман тоо гана кирген. ЮНЕСКО - Бириккен Улуттар Уюмунун билим, илим жана маданият боюнча мекемеси, штаб-квартирасы Парижде. (AKu)

XS
SM
MD
LG