Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Камчы Көлбаевдин наркотрафиги тууралуу маалымат тарады


Anonymous деп атын калтырган хакерлер тобу Камбоджанын Тышкы иштер министрлигинин документтерин, анын арасында маңзат алып өтчү жолдор тууралуу кагаздарды жарыялады. Аталган документтердин арасында Непалдын аскердик органынын доклады табылган. Ал докладда маңзатты мыйзамсыз алып өтүүчү жолдун схемасы үстүртөн айтылган: маңзат Индиядан Непалга, анан Кыргызстанга өтүп, андан ары Украина менен Беларуска жана Батыш Европага алынып өтөт.

Ал документте “эл аралык маңзат ташуу иши кыргызстандык "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин катышуусу менен өтөт” деп жазылган. Мындай маалыматты Беларустун Хартии’97 маалымат борборунун интернет сайты 14-сентябрда Американын The Daily Dot сайтына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Коля-киргиз деген каймана ат менен таанылган Камчы Көлбаев украиналык бизнесмендер, фирмалардын жардамы менен чайдын кутуларындагы маңзатты Индиядан Беларус аркылуу Украинага алып өтчү.

Хартии’97 маалымат борборунун сайтында Непалдын аталган документи да жарыяланган.

The Daily Dot интернет сайтынын кабарчысы Лоррейн Мерфи Anonymous деген хакерлер тобунун Камбоджанын электрондук документтерин уурдаганын себеби өч алуу деп билдирген. Мурдараак “автордук укукту бузду жана Швециянын королдугунун салык системасын камсыз кылган швед компаниясынын серверин талкалады” деген айып менен Готтфрида Свархольма деген жаран Камбоджадан Швецияга депортация кылынган.

Камчы Көлбаев учурда Бириккен Араб Эмираттарында экени айтылып келет. Аны Кыргызстанга алып келүү боюнча сөздөр жүргөн.

Азыр Беларуста жүрөт делген Жаныш Бакиев Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе экени айтылат. (AKu)

XS
SM
MD
LG