Буга байланыштуу бир катар мусулман уюмдардын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшөт. “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жыйындын катышуучулары жалпы дүйнөдөгү мусулман коомчулугун бул тасмадан улам ар кандай чагымдарга алдырбоого чакырышмакчы.(ZKo)