Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Жогорку Соттун жетекчилиги шайланды


Кыргызстандын Жогорку Сотунун жетекчилиги шайланды. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын "Азаттыкка" айтымында, төрайым болуп буга чейин ушул эле кызматты ээлеп келген Феруза Жамашева Жогорку Кеңештин судьяларынын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болуп шайланды. Төрайымдын кылмыш иштер жана административдик тартип бузуулар боюнча орун басары болуп Канатбек Турганбеков, жарандык иштер боюнча орун басары болуп Гүлбара Калиева жана административдик, экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Бактыгүл Аманалиева шайланды.

Жогорку Соттун жаңы шайланган 25 мүчөсү кечээ ишке киришкен. Буга чейин алар сотторду тандоо кеңешинин жана президенттин элегинен өткөн. Соңку аптада парламенттин колдоосуна ээ болгон.

Жогорку Сотто 35 судьялык орун бар. Эми дагы он судья тандалып, президенттин жана парламенттин колдоосун таап келиши керек.

Кыргызстанда 2010-жылдын апрелинде келген бийлик сот системасын түп-тамырынан тазалоо убадасын берген. Жаңыдан шайланган 25 судьянын тогузу буга чейин да Жогорку Соттун мүчөсү болчу, бирөө аталган сотто аппарат башчы болуп иштечү, 12си жергиликтүү соттордон келди. (RK)

XS
SM
MD
LG