Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

АКШда президенттикке талапкердин сөздөрү жашыруун жазылган видео ачыкка чыгып кетти


Митт Ромни.
Митт Ромни.
Анда Республикалык партиянын президенттикке талапкери Митт Ромни тышкы саясаттын маселелеринен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, палестиналыктар Израилди жок кылууну көздөшөрү, тынчтыкты каалашпары, Иран Израилге туудурган коркунуч жөнүндө айтса, ички турмуштан америкалыктардын жарымына жакыны “эч нерсеге карабай” Обама үчүн добуш берүүчү жатып ичерлер экенин белгилейт:

- 47% эч нерсеге карабай, президент үчүн добуш берүүчү адамдар. Алар өкмөткө көз каранды. Өзүлөрүн курмандыктарбыз, алар үчүн өкмөт кам көрүшү керек, медициналык тейлөөнү, азык-түлүктү, турак-жайды өкмөттөн алууга укуктуубуз деп эсептешет. Алар эч нерсеге карабастан президентке добуш беришет.

Тасманы өз сайтына чыгарган Mother Jones журналынын маалыматына караганда, Республикалык партиянын талапкери бул сөздөрдү анын шайлоо коруна салым кошкон бай донорлор менен май айындагы жолугушуу учурунда айткан.
Жашыруун тартылган видео тасма чыгып кеткенден кийин Лос-Анжелестеги шашылыш басма сөз жыйында анын терс кесепетин азайтууга аракеттенди.

Ал эми президент Барак Обаманын шайлоо штабынын башчысы Жим Мессина Ромнинин сөздөрүн “өлкөнүн жарымын текебердик менен чийип салганда, бүткүл америкалыктардын президенти болуш кыйын” деп комментарийледи. (UE)

XS
SM
MD
LG