Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Чуулгандуу тасма боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу жолдонду


Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Башкы прокуратураны чуулгандуу тасма боюнча сотко кайрылууга чакырды. Кайрылууда YouTube сайтына жарыяланган “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы жалпы дүйнөдө мусулман коомчулугу тарабынан зомбулук жана киши өлүмү менен коштолгон антиамерикалык толкундоолорду пайда кылганы баса белгиленип, бул тасманын мазмуну Кыргызстандын мыйзамдарына да туура келбестиги айтылган. Кайрылуу ээлери өлкөдө диний араздашууга жана коомдук-саясий кырдаалдын чыңалуусуна алып келбеси үчүн бул тасманы көрсөтүүгө тыюу салууну Башкы көзөмөл органынан өтүнүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы соттун чечими чыкканча Башкы прокуратура жергиликтүү интернет кызматын көрсөтүүчүлөргө тасманы жайылтпоо жөнүндө эскертүү берүүгө тийиш деп эсептешет.

Башкы прокуратура азырынча тасмага байланыштуу кайрылуу келип түшө электигин билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG