Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Стамбулда Евробиримдиктин жана Ирандын өкүлдөрү жолукту


Кечээ Стамбулда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен Ирандын өзөктүк программа боюнча делегация башчысы Саид Жалили менен жолугушту. Бул июнь айында Москвада болгон сүйлөшүүлөрдүн уландысы, анда да сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес.

Өткөн жумада МАГАТЭнин башкаруу кеңеши Иран бийлигин уранды байытууну токтотуу талабын укпаганы үчүн сындаган. Эштон кийинки аптада Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдөн оң натыйжа чыгаруу боюнча алты державанын тышкы иштер министрлери менен Нью-Йорк ассамблеясынан тышкары жолугушмакчы.

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып, өзөктүк курал жасайбы деп чочулайт. Тегеран муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG