Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Баткенде бир тонна көмүрдүн баасы 13 миң сомго чыкты


Баткенде бир тонна көмүрдүн баасы 13 миң сомго чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков кышка даярдык боюнча жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда облус аймагындагы бюджеттен каржыланчу мекемелер арасында билим берүү тармагы 25,5 пайыз, саламаттыкты сактоо жагындагылар 27,7 пайыз, ал эми калктын 34 пайыздайы көмүр менен камсыз болду.

“Көмүрдүн баасы мынчалыкка өткөн кыштын чилдесинде араң жеткен, азыр күн жылуу болуп турганда ушунча кымбат баа кар түшкөндө кандай болоорун айтуу кыйын”, - деди өкмөттүн Баткендеги өкүлү.

Аймактагы көмүр өндүрүүчүлөр болсо казылган көмүрдүн көпчүлүгү Тажикстанга кетип жаткандыктан баа жогорулаганын айтууда.

Баткен облусундагы шахталар бир жылда 200 миң тоннага жакын көмүр өндүрөт.(JsA/RK)

XS
SM
MD
LG