Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Сот чуулгандуу тасманы Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Кыргызстандын аймагында "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасын көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салды. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат кызматы кабарлайт. Аталган тасманы экстремисттик деп таап, ага тыюу салуу тууралуу арыз менен Баш прокуратура сотко кайрылган. 19-сентябрда Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тасма диний кастыкты козутат, мусулмандарды кемсинтет деген бүтүмгө келген болчу.

Америкада тартылды делген эң төмөнкү сапаттагы видеотасмада Мухаммед пайгамбар мазакталат. Муну АКШ өкмөтү кылды деген топ Ливиядагы америкалык дипломаттарга кол салып, төртөөнү өлтүргөн. АКШ бул тасмага эч тиешеси жок экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG