Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Грузияда түрмөдөгү зомбулукка каршы ири митинг өттү


Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, батыштагы Зугдиди шаарында кечээ оппозициянын ири акциясы өттү. Түрмөдөгү зомбулукка байланыштуу өлкө боюнча нааразылык акциялары токтобой келатат. Жаңжал оппозициячыл телеканалдан түрмөдө кароолчулар айыпкерлерди уруп, кыйнап жаткандыгын көрсөткөндөн кийин башталган.

Кырдаал 1-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында татаалдашып кетти. Шайлоодо кармаш президент Михаил Саакашвилинин бийлик партиясы менен миллиардер Бидзина Иванишвили баштаган оппозициячыл блоктун ортосунда жүрмөкчү.

"Түрмөдөгү абал Саакашвили режиминин нагыз жүзүн көрсөттү" деди Зугдидидеги митингде сүйлөгөн Иванишвили. Ошол эле мезгилде ал шайлоонун алдында сабырдуу болууга чакырды.

Тбилисиде студенттер да ишембиде демонстрацияга чыгышты. Түрмө жаңжалына байланыштуу эки министр кызматынан кетти, Саакашвили түрмө системасын реформалоого сөз берүүдө.

XS
SM
MD
LG