Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Freedom House: Интернет эркиндиги чектелүүдө


Айрым өлкөлөрдө интернет эркиндигин чектөө аракети көрүлүп жатат жана өкмөттөр тоскоолдук түзүүнүн улам жаңы амалын ойлоп табышууда. Мындай тыянакка Фридом Хауз эл аралык уюму келди. Интернет эркиндигине арналган жылдык отчетунда уюм Иран, Куба жана Кытай өңдүү өлкөлөрдө интернетте режимдерди сындагандарды куугунтуктоо, интернет эркиндигин чектөө учурлары көбөйгөнү айтылат. Бул 3 мамлекет “эң эркин эместердин” тизмесине киргизилген. Беларус менен Өзбекстан “эркин эмес” катары сыпатталган. Азербайжан, Пакистан жана Орусия “өзгөчө көңүл бура турган” өлкөлөрдүн арасында аталды. Эстония болсо интернет жагынан “эң эркин” болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG