Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Серик Ахметов - Казакстандын жаңы премьери


Казакстандын парламенти өкмөт башчылыкка вице-премьер-министр Серик Ахметовду бир добуштан бекитти. Президент Нурсултан Назарбаев аны премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу буйрукка дароо кол койду. Бүгүн эртең менен премьер Карим Масимовдун кабинети отставкага кеткенден кийин президент Ахметовдун талапкерлигин өзү сунуш кылган. Масимов ошол эле күнү президенттик администрациянын башчылыгына дайындалды.

54 жаштагы Ахметов вице-премьерликке ушул январда келген. Караганды шаарында туулуп өскөн, кесиби боюнча инженер. Буга чейин президенттин аппаратында, транспорт жана байланыш министри, 2009-2012-жылдары болсо Караганды облусунун губернатору болуп иштеген. Карим Масимов болсо өкмөттү 2007-жылдан бери жетектеп келген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG