Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Бишкекте чуулгандуу тасмага каршы митинг өтөт


Митингди уюштуруп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун айтымында, АКШнын элчилигинин имаратынын алдына нааразылык билдирүү үчүн миңге чукул адам чогулаары күтүлүүдө. Митинг катышуучулары ислам динин, Мухаммед пайгамбарды коргогон ураандарды көтөрүп, АКШ бийлигинен “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын жаратуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну, You Tube жана башка чагымчыл сайттарды жабууну талап кылышат.

Буга чейин 21-сентябрда "Чыныгы мусулмандар жамааты" деп аталган уюмдун башчысы Нурлан Мотуев Бишкектеги Франциянын элчилигинин алдында нааразылык акция уюштурууга аракет кылган, бирок милиция жол берген эмес.

Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын аймагында "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасын көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG