Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Нью-Йоркто Ирандын президентине каршы нааразылык акциясы өттү


Нью-Йорк шаарындагы Warwick мейманканасынын алдына чогулгандар Ирандан келген делегацияны кабыл алганы үчүн мейманкананын жетекчилигин сынга алышты. Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад ушул тапта АКШда өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышууда. Бүгүнкү нааразылык акциясынын уюштуруучусу, ядролук курал чыгарууга каршы уюмдун аткаруучу директору Дэвид Ибсен буларды айтты:

- Биз Ахмединежаддын Нью-Йоркко келишине каршы чогулдук. Ошондой эле бул мейманкананын ээлерине ирандык делегацияны кабыл алганына нааразыбыз.

Батыш өлкөлөрү Иранды ядролук курал өндүрүүдө деп айыптап келет, бирок Иран муну бир нече жолу четке каккан.

БУУнун жыйындарында Ахмединежаддын Холокост окуясын жокко чыгарып сүйлөгөнү эл аралык коомчулуктун кыжырдануусун жараткан эле.

XS
SM
MD
LG