Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Ала-Букада соттун кызматтан кетишин талап кылышты


Бүгүн Ала-Бука районунун борборунда нааразы тарап менен ички иштер министринин түштүк облустары боюнча орун басары Курсан Асанов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушту. Район акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, тынч жыйынга үч жүзгө чукул адам келип, райондук соттун кызматтан кетишин талап кылышты.

Кечээ эки жарандын үй камагына чыгарылышына каршы болгон топ нааразылык билдирип чыгып, чечим чыгарган сотту ур-токмокко алган. Аймактагы кыргыз-өзбек улуттары жашаган айылдардагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Жалал-Абаддан жүзгө чукул кошумча милиция жөнөтүлгөн.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 8-сентябрда райондогу Достук айылында кыргыз жана өзбек улутундагы балдар уруша кетишкен. Бул окуя боюнча өзбек улутундагы эки балага ээнбаштык боюнча айып тагылып, алар 24-сентябрда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кечээ алардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, кайрадан камакка алуу чечими чыкты. (KKs)

XS
SM
MD
LG