Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

АКШ Ливиядан дипломаттарын чыгарууну улантып жатат


АКШ Ливиянын борбору Триполидеги элчилигинде иштеген кызматкерлеринин санын азайтып, дипломаттарды өлкөдөн чыгарууну улантууда. Муну коопсуздук үчүн көрүлгөн чаралар менен түшүндүрүп жатат.

Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү билдиргендей, Ливияда абал тынчыган соң элчиликтин бардык кызматкерлери өз иш орундарына кайтып келишет.

АКШнын Ливиядагы элчилигинин бир топ кызматкери 11-сентябрда Бенгазидеги консулдукка кол салынган соң мекенине чыгарылып кеткен. Бул кол салууда элчи Кристофер Стивенс жана башка үч америкалык мерт кеткен. Элчиликке
АКШда тартылган "Бейкүнөө мусулмандар” аттуу исламды мазактаган тасмага каршы нааразылык акциясы учурунда кол салынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG