Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Казылар бийликтен муфтийди коргоп берүүнү суранышат


Кыргызстандын аймактарындагы казылар бийликтен азыркы муфтийди коргоп берүүнү суранышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев билдирди. Ал исламды түшүнбөгөн айрым адамдар маалымат жыйынын өткөрүп, эл арасында ар кыл чакырыктарды таштап жатканын, бийлик аларды көзөмөлгө алышы керектигин кошумчалады. Бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн казылар элди жана мусулмандарды ынтымакка чакырышты.

Кечээ Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин башчысы Бакыт Нурдинов азыркы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев былтыр зыяратчыларга виза саткан деп билдирип чыккан. (KE/KKs)

XS
SM
MD
LG