Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Пономарев пленардык жыйындарда 1 ай сөз сүйлөө укугунан ажырады


Мамлекеттик дума “Адилет Орусия” фракциясынын депутаты Илья Пономаревду 16-октябрдан 16-ноябрга чейин пленардык жыйындарда сөз сүйлөө укугунан ажыратты. Мындай сунушту этика боюнча комиссия киргизген. Жазгы сессияда депутат “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаттарын “уурулар жана алдамчылар” деп атаган.

Ушул эле күнү Думада маалымат каражаттары боюнча комитет түзүлдү. Ал маалымат саясаты, маалымат технологиялары жана байланыш маселелери менен алектенмекчи. Комитеттин төрагалыгына депутат Алексей Митрофанов шайланды.
Ал “Адилет Орусия” фракциясынын мүчөсү болуп саналганы менен анын ишинен четтетилген. Себеби жазында фракция жетекчилигинин Дмитрий Медведевдин өкмөт башчылыкка бекитилишине каршы добуш берүү чечимине карабай, Митрофанов аны колдогон.

XS
SM
MD
LG