Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Сирияда ЮНЕСКОнун тизмесиндеги базар өрттөндү


Сирияда экинчи чоң шаар саналган Алепподо өкмөттүк куралдуу күчтөр менен оппозициянын кагылышы токтой элек. Жергиликтүү активисттердин айтымында, кагылышта орто кылымга таандык, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген үстү жабык базар өрттөнүп кетти. Алардын айтымында, Алепподо баш-аягы жети жүздөй эски, тарыхый имараттар өрттөнүп кетти.

Өлкөдө тараптардын кагылышы ушул күндөрү да уланууда. Забадани шаарындагы армиянын рейдинде оппозициянын бир нече жактоочусу камакка алынды. Ишемби күнкү аткылашууда 118 адам набыт болгонун, алардын 50 чактысы жай тургундар экенин укук коргоочулар билдирди.

XS
SM
MD
LG