Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:42

Грузияда бүгүн парламентке шайлоо өтөт


Тбилиси, 30-сентябрь, 2012
Тбилиси, 30-сентябрь, 2012
Бүгүн грузиялыктар жаңы парламентин шайлашат. Азыр парламенттеги 150 орундун дээрлик 80% ээлеп турган президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймыл" партиясы бул ирет миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвилинин “Грузия кыялы” коалициясы менен парламенттеги орундар үчүн күрөшөт. Байкоочулардын көпчүлүгү ким жеңээрин так айтыш кыйын экенин, экөөнүн ортосунда айырма аз болоорун айтышууда.

Президенттин оппоненттери аны “бийликти толугу менен ээлеп алганы” жана 4,4 млн. калкы бар өлкөнү 2008-жылы Орусия менен оор кыйроолорго алып келген согушка кептегени үчүн айыпташууда.

Шайлоо грузин башкаруу системасында жаңы системанын башаты болуп калмакчы. Мындан ары өлкөдө бийликтин негизги бөлүгү парламент менен премьер-министрге өтөт.

Жекшембиде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын расмий өкүлү Нейл Саймон: “ЕККУ шайлоонун көчөлөрдө эмес, бюллетендерде, күркөлөрдө чечилишин каалайт”, - деди.

XS
SM
MD
LG