Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Малдын кырылышына себепкер болгон вакцина аныкталды


Өзбекстанда жана Кыргызстандын Сузак районунда миңдеген малдын кырылышына аларды эмдеген вакцинадагы Ауески оорусунун вирусу себепкер болгону аныкталды. Мындай жыйынтыкты Орусиянын ветеринария, вирусология жана микробиология боюнча илим изилдөө институту чыгарганын Кыргызстандын Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган институтка Өзбекстандан жиберилген вакцинанын үлгүсүнөн малдын чечек оорусуна каршы дары эмес, Ауески оорусунун вирусу табылган. Ал эми Кыргызстандын Ветеринария департаменти Сузакта мал эмделген вакцинанын үлгүсүн Орусиянын Владимир облусундагы атайын лабораторияга жиберген, анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат. Бул тууралуу аталган департаменттин жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азиз Абдиев “Азаттыкка” билдирди.

Сентябрь айынын башында Сузакта Өзбекстандан алып келинген вакцинадан эки миңден ашуун кой кырылган. Ал эми Өзбекстандын өзүндө 30 миңден 50 миңге чейин майда жандык кырылганы тууралуу кабарланган эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG