Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:38

Миграция уюму менен кызматташтык талкууланат


Кыргызстандын Эл аралык миграция уюму менен кызматташтыгы талкууланат. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбековдун айтымында, бүгүн Бишкекке аталган уюмдун аймактык директору Деян Кесерович келет. Ал өлкө жетекчилиги менен жолугушуп, Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлорунун аткарылышы менен таанышат.

Ошко барып өспүрүмдөрдүн реабилитация борборун, адам сатуунун курмандыгы болгондордун баш калкалоочу жайын жана миграция боюнча маалымат-кеңеш берүү борборун кыдырат.

Эл аралык миграция уюмунун өкүлчүлүгү Бишкекте 1997-жылы ачылган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG