Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Орусияда издөөдө жүргөн аял Оштон кармалды


Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан изделип жаткан аял Ош
облусунун Араван районундагы Маңгыт айылынан кармалды. Бул тууралуу
«Азаттыка» бүгүн облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев
билдирди. Анын айтымында, 30-сентябрда кармалган айымга жасалма
документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөр
жана бланктарды чыгарган деген кине коюлган.

Кылмышка шектүү аял теги кыргызстандык Орусиянын жараны экени
аныкталды. Учурда аны Орусияга өткөрүп берүү иштери жүрүүдө. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG