Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Гонконгдо эки кеме сүзүшүп, кеминде 37 киши каза тапты


Гонконг бийликтери Ламма аралында деңиз кемелеринин кагылышында бери дегенде 37 адам набыт болгонун тастыктап, бул акыркы он жылдагы “эң кайгылуу деңиз трагедиясы” болду деп билдирди. 120 адам отурган кеменин бирөөсү майрамдык фейерверкти көрүү үчүн бараткан. Кагылыш кесепети азырга чейин белгисиз, бирок адистер кемелер алыс аралыктан бири-бирине белги беришкен эмес деп болжолдошууда.

Өлгөндөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү энергетикалык компаниянын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болушканы аныкталды. Кырсыктан жарат алган жүздөн ашуун адам азыр ооруканаларда дарыгерлердин көзөмөлүндө, алардын тогузунун абалы оор бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG