Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Өкмөт башчы мугалимдерди куттуктады


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мугалимдерди келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Мугалимдердин социалдык макамын жогорулатып, алардын турмушундагы көйгөйлүү маселелерди чечип, иштөө үчүн мыкты шарттарды түзүү – биздин милдетибиз", - деди премьер.

Билим берүү тармагында иштегендердин айлык акысы соңку жылы 2-3 эсе көбөйгөнүн айтты. Бирок айлык мындан ары дагы көбөйөбү, жокпу, айтылган жок.

Кечээ парламентте билим берүү багытындагы айрым мыйзам долбоорлор талкууланып, депутаттар мугалим жөнүндөгү мыйзам толук иштебей жатканын билдирген.

Кыргызстанда Мугалимдер күнү ар октябрдын алгачкы жекшембисинде белгиленет. Өлкөдө 75 миң мугалим бар. (RK)

XS
SM
MD
LG