Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Бишкек - Ош унаа жолу кайрадан тосулду


Ушу тапта Жалал-Абаддагы Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери Сузак районуна караштуу Боз-Чычкан участкасында Бишкек - Ош жолун тосуп турат. Нааразылык акциясы жарым саат мурда башталганын "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди.
Акцияга чыккандар – 50 гө чукул адам. Алар "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бошотулушун талап кылып, жолдун ортосунда чоң жүк ташыгыч унааны токтотуп коюп, кыймылды бууп турушат.

Учурда жол тоскондор менен жолугушуу үчүн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Ош шаарынан келе жатканы да белгилүү болду.

Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин 50гө жакын тарапкери Жалал-Абад облустук акимиятынын имаратынын алдына эки боз үй тигип, чогулуп турат.

Сусунбаев акция уюштургандарга карата күч колдонулбай турганын, түшүндүрүү иштери гана жүрүп жатканын айтууда.(BkA)






XS
SM
MD
LG