Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Тажик зыяратчылары Cауди чек арасында кармалды


Мекеге ажылыкка май айында жөө чыккан эки тажик жаранын Сауд Аравиянын чек арасында камакка алынды. Экөө кечээ Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Аравиянын ортосундагы чек ара аймагында кармалып тургандыгын билдиришкен. Алар «виза маселесине» байланыштуу кармалгандыгын айтышууда. Жети тажик жараны Сауд Аравияга ажылыкка миңдеген чакырым жерди жөө басып барууну чечишкен. Бирок экөө орто жолдон кайра кайтышкан, үчөө Ирандан ары учак менен кетүүнү чечишкен. Калган экөө Мекеге жолун жөө улантышкан. Бул эки зыяратчы акчасы түгөнүп калгандыгын, саякат камсыздоосу жок экендигин айтышууда. Ажылык Мекеде ушул айдын этегинде өтөт.

XS
SM
MD
LG