Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Саркисян Баку согушка даярданып жатат деп айыптады


Армениянын президенти Серж Саркисян Азербайжан Тоолуу Карабакты кайтарып алуу максатында куралдуу жаңжалга даярданып жатат деп күнөөлөдү. “Ройтерге” берген интервьюда армян лидери Баку өкмөтү акыркы кезде “чоң көлөмдөгү” курал-жарак сатып алууда деди. Бирок Армения жаңжалдын сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынаарына дагы эле үмүттөнөт , - деп кошумчалады Саркисян.

Эки өлкө 20 жылдан ашык убакыттан бери Тоолуу Карабак анклавы боюнча талашып-тартышып келатышат. Куралдуу уруш 1994-жылы ок атышпоо келишими менен аяктаган. Азербайжандын мурдагы Тоолуу Карабак автономиялуу чөлкөмү жана бир катар кошуна райондор иш жүзүндө өзүн Тоолуу Карабак жумурияты деп атаган аймактын башкаруусуна өткөн. Ереван Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын расмий тааныбаса да, аны колдоп келет. Азербайжан менен Армениянын мамилелери азери президенти Илхам Алиев жакында армениялык жоокерди өлтүргөн Рамил Сафаров аттуу офицердин күнөөсүн кечкенден кийин кайрадан курчуду.

XS
SM
MD
LG