Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Бишкекте милиция кызматкери эки адамды коюп кетти


6-октябрга караган түнү ички иштер кызматкери мас абалында машина айдап баратып, эки адамды коюп кетти. Натыйжада жолдо бараткан кыз-жигит мүрт кетти. Бул туурасында “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

- Бишкек шаардык жол кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери машинаны дароо кармашкан. Анын айдоочусу Свердлов райондук милициясынын кызматкери экени аныкталган. Медициналык текшерүүдө ал мас абалында болгону да билинди. Окуя болгон жерден ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматы кызматтык тергөөнү баштады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш кодексинин 281-беренесине (жол жана унаа коопсуздугу боюнча эрежелерди бузуу) ылайык кылмыш ишин козгоду. Милиция кызматкери кызматтык унаасында жалгыз болгон. (AKu)

XS
SM
MD
LG