Орусиянын президенти Валдимир Путинди ушул жекшембиде 60 жашка чыгышы менен Армения, Азербайжан, Беларустун, Украинанын жана Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхазиянын лидерлери куттукташты. Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ын Путинге «бардык жоопкерчиликтеринде ийгиликке жетишин» каалады. Түндүк Осетияда Альпинисттер Федерациясынын мүчөлөрү ат коюлбаган тоонун чокусуна Путиндин зор портретин орнотушту.