Кыргызстандык Даулет Майназаров Монголиянын борбору Улан-Батордо өтүп жаткан Азия кубогунда оор атлетика боюнча 56 килограммдык салмакта биринчиликти утуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов кабарлады. 14-октябрга чейин созула турган Азия кубогуна кыргызстандык дагы бир оор атлетчи Сыргак Абдраманов да катышууда. (KMa/KKs)