Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Жалал-Абадда ачкачылык жарыялагандардын саны 17ге жетти


Жалал-Абадда камактагы депутаттарды бошотууну талап кылып, ачкачылык жарыялаган аялдарга бүгүн дагы жети адам кошулду. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы маалымдагандай, алардын жалпы саны 17ге жетти. Ага чейин Чынара Байзакова жана Зинагүл Ташиева аттуу эки жаран ден-соолугу начарлаганына байланыштуу ачкачылыгын токтотуп, ооруканага жеткирилди.

Азырынча нааразылык билдирген аялдар Жалал-Абад облустук администрациясынын алдына тигилген төрт боз үйдө отурушат. Алардын абалына дарыгерлер көз салууда.

Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 3-октябрда Бишкекте орун алган башалмандыктан кийин эки айга камакка алынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG