Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:42

Кыргызстанда психикалык саламаттык күнү белгиленет


Бүгүн Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү белгиленет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, буга карата өлкөдө бир айлык жарыяланат. Анын алкагында психикалык дартка кабылгандар дарыгерлердин текшерүүсүнөн акысыз өтүшөт. Ошондой эле бүгүн Бишкекте психикалык саламаттык маселелерине арналган тегерек стол уюштурулат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө 450 миллиондон ашык адам психикалык оорулардан жабыркайт. Ал эми Кыргызстанда расмий маалымат боюнча, 63 миңге жакын адам психикалык жактан оорулуу деп табылган. Бирок өлкөдө жыл өткөн сайын психикалык дартка кабылгандар көбөйүп, айрыкча бул дарт жаштар арасында жайылып бара жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG