Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:08

AI Кытайда элди күчтөп көчүрүү көбөйгөнүн билдирди


“Эл аралык мунапыс” кору (Amnesty International) бүгүн жарыялаган баяндамасында Кытайда соңку жылдары кескин көбөйгөн бул өңдүү окуяларды “өлкөнүн социалдык жана саясий стабилдүүлүгү үчүн олуттуу коркунуч” деп атады. Жумуриятта адамдарды жашаган үйлөрүнөн башка жакка күч менен көчүрүү окуялары жаңы курулуш иштери күчөгөндөн бери эле уланып келаткан. Бирок соңку докладда айтылгандай, акыркы үч жылда экономикалык кризистен кийин өкмөт экономиканы стимулдаштырыш үчүн бөлгөн акча менен ири компаниялардын курулуш иштери да күчөгөндүктөн, адамдардын үйлөрүн сүрдүрүп, аларды башка жактарга отурукташтыруу фактылары да көбөйүп кетти.

XS
SM
MD
LG