Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Талоончулук боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү


Жогорку Кеңештин депутаты Райхан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулукка шектелип камакка алынган Абдулла Юсупов менен жакындан тааныш деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал апрель окуясынан кийинки талап-тоноо фактыларын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди. Депутаттын уулу Юсуповду бир нече ирет ар кайсы жерден көргөндүгүн, өзү болсо 7-апрелде кырдаал курчуп кеткендиктен атасынын жанында жүргөндүгүн айтты.

Юсупов өткөн айда аталган кылмышка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын жана Төлөгөновдун баласынын да катыштыгы бар экенин айтып чыккан. Андан кийин бул фактыны териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG