Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Нобел Тынчтык сыйлыгы Евробиримдикке ыйгарылды


Нобел комитетинин башчысы Торборн Ягланд “Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европанын биригишине Евробиримдик тарыхий салым кошту”,-деп айтты. Ягланд дал ушул Евробиримдиктин көмөгү менен Европа бейпил континентке айланып, түптөлгөндөн берки 60 жыл ичинде аймакта демократиянын өнүгүшүнө, адам укугунун корголушуна чоң салым кошконун белгиледи.

Аптанын башынан бери физика, химия, медицина жана адабият боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылды. Бул жылы Тынчтык сыйлыгына талапкер катары экс-президент Роза Отунбаева жана казак президенти Нурсултан Назарбаев дагы көрсөтүлгөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG