Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:45

АКШ Максим Бакиевге кылмыш ишин козгогону анык


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Американын Юстиция департаменти тарабынан Максим Бакиевге кылмыш иши козголгонун тастыктады. Бул тууралуу элчиликтин мурдагы президенттин уулунун кармалуусу боюнча жолдогон билдирүүсүндө айтылат.

АКШнын тартип коргоо органдары Максим Бакиевди “баалуу кагаздар менен мыйзамсыз операцияларды жасаган жана мыйзамдуулукту орнотууга тоскоол болгон” деген айып койгон. Буга байланыштуу АКШ Максим Бакиевди экстрадициялоону Британиядан өтүнгөн. Бакиевдин уулунун күнөөлөрү далилденсе, ал узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев 12-октябрда Британиянын борбору Лондондо камакка алынганы кабарланган. Ал апрель окуясынан кийин бир катар оор кылмыштар боюнча айыпталып, ага издөө жарыялаган. (AKu)

XS
SM
MD
LG