Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Британ элчилиги Максим Бакиевдин күрөөгө бошотулганын тастыктады


Кыргызстандагы Британ элчилиги тараткан маалыматка ылайык, Максим Бакиев 2012-жылдын 7-декабрына чейин күрөөгө бошотулду. Маалыматта күрөөгө бошотуу же бошотпоо Британ сотунун укугу экени айтылат. Британ соту тарабынан күрөөгө бошотулган киши апта сайын полицияга убагында келип көрүнүп турууга, белгилүү жерде жашоого жана түнөөгө милдеттүү, ошондой эле алыс сапарга чыгуу укугунан ажырайт, дипломаттык жана улуттук паспортунан убактылуу баш тартат деп жазылат элчилик тараткан маалыматта. Мындан тышкары Максим Бакиевди АКШга экстрадициялоо маселеси да Британиянын сот системасынын алкагында гана каралаары белгиленген.

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев АКШ жана Кыргызстандын талабы менен Британ укук коргоо органы тарабынан 12-октябрь күнү Лондондо кармалган. Ага АКШ бийлиги “баалуу кагаздар менен көз боёмочулук кылган жана башка экономикалык кылмыштарды жасаган" деген шек менен издөө жарыялаган.

Кыргыз бийлиги Максим Бакиевди өзүнүн шериктери менен бирге миллиондогон доллар мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган жана апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деп айыптап, эл аралык издөө жарыялаган. 2010-жылы жайында ал Лондондо кармалганы маалымдалып, көп өтпөй кайрадан коё берилгени кабарланган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG