Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Орус оппозициясы бийлик шайлоону бурмалады деп ырастоодо


Орус оппозициясынын лидерлери регионалдык шайлоого элдин аз катышуусу бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын ийгилигине алып келди деп ырасташууда. Президент Владимир Путиндин партиясы 83 аймактын 77синде жеңип чыкты. Кээ бир жерлерде шайлоочулардын 15 проценти гана же андан азы добуш берген. 5 региондо губернатор кызматы “Бирдиктүү Орусиянын” талапкерлерине тийди. Мэрликке шайлоолордо да партия алдыда баратат. “Голос” көз карандысыз уюмунун байкоочулары миңден ашуун эреже бузуулар катталганын билдирди. Путин шайлоонун жыйынтыгы азыркы өкмөт элдин колдоосуна ээ экенин далилдеди деп билдирди.

XS
SM
MD
LG