Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

АКШ президенттигине талапкерлердин экинчи дебаты болот


Демократ Барак Обама жана Республика партиясынын өлкө башчылыгына талапкери Митт Ромни бүгүн кечинде кайрадан бетме-бет жолугушат. Алар Нью-Йорктогу Хемпстед аймагында жайгашкан Хофстра университетинде карапайым адамдардын суроолоруна дебаттын “холл-шаар” стилинде жооп беришет. Ага ылайык элден түшкөн суроолор модератор тарабынан алдын ала тандалып, АКШнын ички жана тышкы саясатына байланыштырлат. 90 мүнөт болуучу дебатты бул жолу да миллиондогон көрүүчүлөр көрө алышары айтылууда. Талапкерлердин дебаты 6-ноябрда боло турган президенттик шайлоого үч жума калган учурда жүргүзүлүүдө.

Обама менен Ромнинин алгачкы дебаты мындан эки жума мурда болгон, анда талапкерлер өлкөнүн экономикага байланыштуу ички саясаты тууралуу сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG