Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Нурматов: Зыяратка барчулар эмдөөдөн каза тапты деген маалымат жок


Ош облусунда ажылык сапарга чыгам деп эмдөөдөн өткөн адамдардын айрымдары вакцинага байланыштуу каза болду деген маалымат жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, ажыга барчулар кандай шартта кандай вакцина менен эмделгени тууралуу толук маалымат жок. Себеби эмдөөнү ким жасайт, кандай вакцина колдонулат - бирдей талап жок. Эмдөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине баш ийбеген жеке менчик медициналык клиникалар да жасоого укуктуу. Мисалы Ош облусу боюнча быйыл зыяратка барам деген 825 кишиге ийне сайылган, Ош шаарында 279 кишиге сайылган. Эмдөөнү Мамажусупов аттуу жарандын жеке менчик клиникасы жасаган. Бирок кимге кандай шартта кайсы вакцина сайылганы боюнча маалымат жок дейт Зуридин Нурматов:

Мамлекеттики болсо текшерсек боло берет, а жеке менчиктер бизди киргизбей коюшка акылуу. Ош облусундагы жана шаардагы текшерүүгө биздин кызматкерлер - санэпидборборундагы дарыгерлер барса жасап жатыптыр, ( эмдөөнү - ред.) бүтүп коюптур.

Оштогу укук коргоочу Изатулло Рахматуллаев Ошто соңку күндөрү каза болгондордун айрымдарынын өлүмү ажылык сапарга чыгам деп эмдөөдөн өткөнүнө байланыштуу болушу ыктымал деген божомолун бүгүн "Азаттыкка" айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG