Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:18

АКШда президенттикке талапкерлердин телетаймашынын экинчи туру өттү


Нью-Йорктогу Хофстра университетинде жаңы эле аяктаган телетаймашта экинчи мөөнөткө кайра шайланууга аракеттенип жаткан президент Барак Обама менен Республикалык партиянын талапкери Митт Ромни ички жана тышкы саясаттын маселелери боюнча талашып-тартышты. Алар ошондой эле аудиториядагы кимге добуш берерин чече элек шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти.

Демократ Барак Обама акыркы он үч айдын ичинде жеке ишканаларда 5 млн. жумушчу орун түзүүгө жетишкенин белгилеп, экономиканы өнүктүрүү боюнча алган багытын улантууну көздөөрүн билдирди. Республикачы Митт Ромни болсо тескерисинче Обама бийликте турган кезде жумушсуздук арбыганын айтты. Обама атаандашын карапайым америкалыктарга караганда мунай ишканаларынын кызыкчылыгын колдойт деп айыптады.

Бир жарым саатка созулган телетаймашты теле жана интернет аркылуу түз ободо миллиондогон киши көрдү.

Телетаймашты утурлай Обаманын шайлоо штабынын кеңешчиси Роберт Гиббс алар бул жолу президент “кубаттуу” жана “жигердүү” болот деп күтүп жатышканын билдирген эле.

Буга чейин 4-октябрда өткөн алгачкы телетаймаштын артынан америкалык телеканалдар жүргүзгөн сурамжылоого тартылгандардын көпчүлүгү жеңишти Ромниге ыйгарышкан болчу.

АКШ президенттигине талапкерлер ортосундагы акыркы, үчүнчү телетаймаш 22-октябрда Флоридада болот. Ал эми шайлоо 6-ноябрга мерчемделген.

XS
SM
MD
LG