Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Ооган президенти Хамид Карзай Барак Обама менен жолугушат


Хамид Карзай АКШ президентинин кийинки айда Ооганстандын келечеги тууралуу сүйлөшүүгө чакыруусун кабыл алды. Бул жөнүндө Ооган президенти АКШ коргоо министри Леон Панетта менен чогуу кечээ Кабылда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал сүйлөшүүлөр 2014-жылы антитеррордук күчтөрдүн альянсы Ооганстандан чыгып кеткенден кийин аймакта калуучу америкалык аскерлер тууралуу болоорун да кошумчалады. АКШ коргоо министри Леон Панеттанын айтуусунда Обама менен Карзайдын сүйлөшүүлөрү 7-январда башталат:

-Биздин элчилик аркылуу президент Обама Ооганстан президенти Карзайды 7-январдан тарта 2014-жылдан кийинки Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн Вашингтонго чакырды.

Панеттанын берген маалыматы боюнча сүйлөшүүлөр бир жумага созулуусу ыктымал, эки өлкөнүн бийликтери Ооганстанда калуучу америкалык аскерлердин маанисин жана санын талкуулашат.

АКШ Коргоо министри Леон Панетта Ооганстанга шаршемби күнү келип, кечээ президент Карзай менен жолугушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG