Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Сирия оппозициясы башкаруучу орган түздү


Сирия оппозициясы президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин өлкөдө тартипти сактап калуу үчүн атайын орган түздү. Жети адамдан турган аткаруу органын мурдагы премьер-министр Рияд Хижаб жетектей турган болду. Бул орган дүйнөнүн 114 өлкөсү Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп тааныган улуттук коалицияны башкармакчы.

Бул аптада Евробиримдиктин 27 өлкөсүнөн жана АКШдан турган “Сириянын достору” коалициясы Мароккодо эл аралык жыйын өткөрдү. Анда президент Башар Асад “Сирияны мыйзамдуу башкара албай калганы” белгиленди. Оппозиция лидери Муаз Хатиб Башар Асад дале сүйлөшүү жолу аркылуу абалдан чыга алат деп билдирди. (KKs)
XS
SM
MD
LG