Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

17-декабрда кар жаайт


17-декабрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймагында, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -16…-21, түндүгүндө -18…-23, күндүз -6…-11, түндүгүндө -9...-14,
Талас облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11,
Баткенде түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, Түп районунда -9...-14, күндүз -4…+1,
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13,
Тоолордо түнкүсүн -16…-21, ал эми күндүз -10…-15 болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -18…-20 градус, күндүзгү жогорку температурасы -7…-9 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG